Биз менен байланышыңыз

Казакстанга ЖККУ өлкөлөрүнөн 2 миң аскер, 250 техника барган

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2022 | 385 | 0

Тынчтык орнотуу миссиясын аткаруу үчүн Казакстанга ЖККУ өлкөлөрүнөн 2 миңден ашуун аскер, 250 аскердик техника кирген. Орусиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн учактары 108 жолу учуу жасаган.

Бул маалыматты ЖККУ аскерлеринин Казакстандагы миссиясынын бүткөнүнө байланыштуу өткөрүлгөн салтанатта уюмдун башкы катчысы Станислав Зас билдирди.

Айта кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Буга байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сураган.

Уюмдун тынчтык орнотуу миссиясы бүгүндөн тарта аяктады. Андыктан аскерлер жана аскердик техникалар 10 күндүн ичинде Казакстандан чыгып кетиши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM