Биз менен байланышыңыз

Армения — Азербайжан чек арасындагы кагылыштан бир аскер каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 312 | 0

11-январда Армения — Азербайжан чек арасында куралдуу кагылыш чыгып, бир армян аскер каза тапты. Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлиги билдирүү таратты.

«Азербайжандын куралдуу күчтөрү чагым салып, 11-январдын түнүндө куралдуу кагылыш чыккан. Чыр-чатак басылгандан кийин аймактан 2003-жылы туулган катардагы аскер Вааг Бабаяндын сөөгү табылды. Ал октон көз жумган», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин да ушундай кагылыш болуп, Азербайжандын эки аскери каза таап, эки аскери жарадар болгону кабарланган.

Еревандын айтымында, чабуул учурунда Баку артиллерия жана пилотсуз учактарды колдонууда. Жабыркаган эки жоокердин абалы жакшы, өмүрүнө коркунуч жарата турган жагдай жок.

Расмий Азербайжан Ереванды Келбажар жана Товуз багытында ок чыгарган деп айыптады. Окуяларда эч ким каза болбогонун, кол салуу басылганын жана учурда абал тынч экенин белгиледи.

Тоолуу Карабакта узакка созулган кризистин уландысы катары 2020-жылдын сентябрында чыр-чатактар ​​кайра күчөп, көптөгөн адамдар каза болгон.

Орусиянын кийлигишүүсү менен тараптар ошол жылдын 10-ноябрында ок атышпоо келишимине кол коюшкан. Анда туткундар менен каза тапкандардын сөөгүн айырбаштоо да макулдашылган.

Келишимдин натыйжасында Агдам облусунун бир бөлүгү, ошондой эле Тоолуу Карабактын карамагындагы Келбажар жана Лачын аймактары Азербайжанга өткөн. Лачын коридоруна орусиялык бейпилдик күчтөрү киргизилген. Бирок чек арадагы кагылышуулар маал-маалы менен кайталанууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM