Биз менен байланышыңыз

АКШ Ооганстанга 308 миллион долларлык жардам жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 252 | 0

АКШ Ооганстанга 308 миллион доллар гуманитардык жардам жана 1 миллион доза COVID-19ка каршы вакцина жөнөтөт. Бул тууралуу АКШ Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Эмили Хорн билдиргенин маалымат булактары жазды.

«АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан бериле турган бул жаңы гуманитардык жардам түздөн-түз көз карандысыз гуманитардык уюмдар аркылуу жөнөтүлөт. Бул оогандыктардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн куткаруучу жардам болуп саналат. Ал коргоо жана баш калкалоочу жай, негизги саламаттыкты сактоо кызматы, тамак-аш, азык-түлүк менен камсыз кылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Хорн андан тышкары АКШнын бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен ооган элине колдоо көрсөтүүнү уланта турганын баса белгиледи.

АКШ ушул убакка чейин Ооганстанга жөнөткөн вакцинанын көлөмү 4,3 миллионго, ал эми 2021-жылдын октябрынан бери жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү 782 миллион долларга жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM