Биз менен байланышыңыз

Укук коргоочу: Казакстандагы окуяга укуктук баа берилиши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Янв 2022 | 406 | 0

Казак бийлиги акыркы окуяларга сөзсүз түрдө укуктук баа бериши керек. Мындай пикирин «Кылым шамы» уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бийлик муну жашырып-жаба берсе, элдин нааразычылыгы күчөп, сандар апыртылып айтыла баштайт. Укук коргоочу буга мисал катары 2011-жылы Жаңыөзенде болгон чоң конфликтти келтирип, ал окуя аягына чейин иликтенбей, күнөөлүүлөр жазасын албай калгандыктан, эл бүгүнкү күнү да кайра-кайра эстеп турушуна себеп болуп жатканын айтты.

«Укук коргоочу катары казак бийлигине айтарым, буга сөзсүз баа берилиши керек, канча адам каза болгону ачык айтылышы керек. Канча адам кандай күнөө менен кармалды, алардын арасында башка мамлекеттин жарандары барбы, бул суроолор ачык болушу керек.  2010-жылдын июнь окуясы баарыбыздын эсибизде. Анда эл арасында ар кандай сөздөр болуп, 5-10 миң адам кайтыш болуптур дешкен. Ошондо биздин уюм, азыр ойлосом, аябай чоң тарыхый жумуш жасаган экен. Биз каза болгондордун ар биринин аты-жөнүн, канча жашта, улуту, жынысы, кайсы ооруканада кандай жарааттан каза болгонун, кайсы врач тастыктаганын, сөөгү кайсы жерге коюлганынан өйдө жазып, 492 адам тууралуу маалымат топтогонбуз.  Ошол кезде бизди жаман көргөндөр болгон. Ортодон 12 жыл өткөндө ошол ишибиз аябай чоң жумуш болгонун билип жатабыз», — дейт ал.

Абдирасулованын пикиринде, казак тарап да ошондой жумушту жасашы керек. Аны жасабаса, өлгөндөрдүн саны апыртылып айтыла берет, элде нааразычылык жарала берет, эң негизгиси ишенбөөчүлүк пайда болот. Ошондон алыс болуу үчүн окуяны терең иликтеп, керек болсо, эл аралык эксперттерди чакыруу зарыл. Казакстандын өзүнүн  укук коргоочуларын, жарандык активисттерди, журналисттерди тартып, чыныгы окуяны ачып бериши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM