Биз менен байланышыңыз

Түрк мамлекеттери уюму Казакстанга колдоо көрсөтүүгө даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 228 | 0

Түрк мамлекеттери уюму  Казакстан элине жана администрациясына керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу кечээ, 11-январда уюмдун жыйынында маалымдалды.

Түрк мамлекеттери уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кечээ, 11-январда онлайн жыйын өткөрдү. Отурумда Казакстандагы акыркы жагдайлар талкууланып, ага Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу төрагалык кылды. Жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдүн министрлеринен тышкары байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышты.

Түрк мамлекеттери уюму Казакстанда болгон окуяларга байланыштуу билдирүү таратты. Уюм жарыялаган билдирүүдө президент Касым-Жоомарт Токаевдин реформаларын колдоо, кыйынчылыкты жеңүү үчүн Казакстанга көмөк көрсөтүү ниети айтылат.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM