Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы тополоңдон тарткан зыян 240 миллион доллардан ашты

Кыска кабар , Саясат | 12 Янв 2022 | 678 | 0

12-январга карата Казакстандагы тополоңдон тарткан зыяндын көлөмү 240 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу өлкөнүн «Ата Мекен» улуттук ишкерлер палатасы билдирди.

«12-январда саат 9:00гө карата зыяндын жалпы суммасы болжолдуу эсептөөлөр боюнча 103,7 миллиард теңгени (Алматыда 102,2 миллиард теңге) түзгөн. 11 облуста жабыр тарткан 1615 чарбалык субъект жана 1885 объект аныкталып, анын ичинен 1506 субъект жана 1771 объект Алматы шаарында. Жабыркаган чарбалык имараттар: соода жайлары – 1482; тамактануу жайлары – 44; каржы сектору – 61; логистика – 23; ЖМК – 5», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM