Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Канадада эмдөөдөн өтпөгөндөр салык төлөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 226 | 0

Канадада COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр үчүн жаңы салык киргизилет. Бул тууралуу haber сайты жарыялады.

Квебек штатынын башчысы Франсуа Лего жаңы фискалдык жазаны колдонууга убада берип, жакынкы жумаларда вакцинанын биринчи дозасын алуудан баш тарткандар саламаттыкты сактоо системасына жасаган көңүл кош мамилеси үчүн салык төлөшү керектигин билдирди.

Киргизиле турган салыктан улам өкмөт туш боло турган укуктук жана этикалык кыйынчылыктар боюнча штат башчысы бул кадамды «чоң иш» экенин моюнга алды.

«Башка өлкөдө же башка штатта эмне болуп жатканын карап, баары бир орток чечим табууга аракет кылышууда. Бул теңчилик маселеси, анткени эмдөөдөн өтпөгөн жарандар биздин саламаттыкты сактоо тармагыбызга чоң зыян алып келип жатышат. Муну көпчүлүк туура кабыл алат деп ойлойм», — деди ал.

Франсуа Лего жаңы салыктын суммасын ачыктаган жок. Ал штат боюнча  эмдөө кагазына болгон талаптарды көбөйтөрүн кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM