Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда 39 кабаттуу имарат урап, 6 адам дайынсыз жоголду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 256 | 0

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында курулушу толук бүтө элек 39 кабаттуу имарат урап түштү. Бул тууралуу Түркиянын Sabah сайты жазды.

Кырсыктан 10 унаа талкаланган. Курулушта иштеп жаткан 394 жумушчу жана бүткөн батирлерде жашап жаткан 109 үй-бүлө аймактан чыгарылып, имараттагы 90 дүкөндүн товары башка жакка көчүрүлгөн. Жумушчулардын үчөөнү уранды басып калган, бирок жаракаты өтө деле оор эмес экени кабарланды.

Учурда 6 адам дайынсыз болууда. Имарат дагы көчүп түшүшү мүмкүн деген кооптонуулардан улам аларды издөө иштери убактылуу токтотулган.

Шаар бийлиги кыйроонун себептерин иликтеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM