Биз менен байланышыңыз

«Саясий куугунтук» саясатчыны жетилтеби?

Саясат | 11 Янв 2022 | 1061 | 0

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун жактоочулары берген арызды карады. Арызда Калмаматовдун камалышы мыйзамсыз болуп калганы жүйө келтирилип, бошотуу талабы коюлган. Бирок сот талапты канааттандырган жок. Ал арада Аксакалдар кеңеши камакта жактан саясатчыларды бошотууну өтүнгөн жыйын өткөрүштү. 

Саясатчы Бактыбек Калмаматовдун жактоочулары ал кармалган учурда парламенттик шайлоого талапкерлиги токтотула элек болгонун, бул шартта анын камалышы мыйзамсыз экенин айтышып, эркиндикке чыгарууну өтүнүшкөн. Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту өтүнүчтү канааттандырган жок.

Кийинки отурум эртең, 12-январда өтүп, анда саясатчынын бөгөт чарасы каралат.

Саясатчы Бектур Асанов мындай камоолор азыркы бийликке кадыр-барк алып келбейт деп эсептейт. Анын пикиринде, Бактыбек Калмаматовдун тез арада бошотулганы саясий туруктуулук үчүн керек.

 «Бул нерсенин бардыгын, саясий куугунтук дегенди токтотуу керек. Бир гана Бактыбек Калмаматов эмес, Жеңиш Молдокматов, Тилекмат Куренов, чүйлүк жигиттер — булардын баарын бошотуу керек. Мунун бардыгын баштан өткөргөнбүз. Ошон үчүн бийлик ойлонушу керек. Өзгөчө бүгүнкү бийлик ойлонушу керек, өздөрүнүн башынан өткөн бул нерсе. Экинчиден, бул аларга эч кандай кадыр-барк алып келбейт. Тескерисинче, элдин кыжырын кайнатат. Казакстандагы болуп жаткан окуяларды эске алышыбыз керек. Ошондуктан бийлик жетекчилери ойлонуп иш кылышы керек».

Соттук отурумдан кийин Аксакалдар кеңеши саясатчы Бактыбек Калмаматовду бошотууну өтүнгөн маалымат жыйын өткөрүштү. Алар Бактыбек Калмаматов гана эмес, бир катар саясатчылар да мыйзамсыз түрмөдө отурганын айтышты.

Аксакалдар кеңешинин төргасы Дөөлөтбек Шадыбеков өлкө экономикалык, саясий кыйын кырдаалда турганда бардыгы мыйзам чегинде болушу керектигин белгиледи.

 «Биздин элим, жерим деген мыкты жигиттерибиздин саясий жактан кармалышына биз, Аксакалдар кеңеши, жалпы элден, бийликтен буларды боштондукка чыгарууну суранабыз. Эгер кандайдыр бир күнөөлөрү болсо, алар сот аркылуу чечилиши керек. Көптөн бери Жеңиш Молдокматов, Тилекмат Куренов, Бактыбек Калмаматовго окшогон мыкты жигиттерибиз отурушат. Ошон үчүн жер-жерлерде көтөрүлүү болуп жатат. Биз бийликтен куугунтукту токтотуп, мыйзам чегинде иш алып баруусун суранабыз». 

Ал эми саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикиринде, Калмаматовго коюлган айып ага кайсы бир деңгээлде аброй алып келет. Аны Качкынбаев мындай түшүндүрдү:

«3-5 жылга кесип жиберишпейт, бирок «ошол сөздөрүңдүн жоопкерчилигин ал» деп, соттон сотко жетелеп, жүдөтүп жатканы көрүнүп турат. Мындайча айтканда, Бактыбек Калмаматовду чарчатам деп жатышат. Ага коюлган айып да күлкүлүү. Бул нерсе менен тескерисинче, Калмаматовго пиар кылып, упай топтоп берип жатышат».

Бактыбек Калмаматов 22-декабрдын түнүндө «Манас» аэропортунан кармалган. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айыпталууда.

Саясатчынын тарапташтары коюлган айыпты четке кагып, куугунтук катары сыпаттап келишет.

Copyright © 2017 Maral FM