Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Германияда жаңы чектөөлөргө каршы митингдер өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 207 | 0

Германиянын түндүгүндө жана борборунда 30 миңге жакын жаран COVID-19дан ула кабыл алынган чектөө чараларына каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Deutsche Welle билдирди.

Негизги митингдер Мекленбург, Померания, Тюрингия, Саксония жана Браденбург шаарларында өттү. Милиция өлкөдөгү митинг жана жүрүштөр боюнча мыйзамды бузганы үчүн акциянын уюштуруучуларына кылмыш ишин козгоду.

Жалпы нааразычылык Берлинде да болду,  бирок ал жерде башаламандыктар жана кагылышуулар байкалган жок.

Эске сала кетсек, 7-январдан тарта жаңы чектөө чаралары күчүнө кирген. Эс алуу, маданий жана тамактануу жайларына баруу, коомдук унаага түшүү эрежелери өзгөргөн. Тагыраагы, мындай жайларга баруу үчүн вакцина алгандарга же анализи терс натыйжа көрсөткөндөргө гана уруксат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM