Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров 8-мартка чейин арык-каналдарды тазалоону тапшырды

Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 360 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жазга даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймагындагы ирригациялык тармактарды жакшыртуу, арык-каналдарды тазалоо, оңдоо пландары талкууланды.

«Каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды жакшыруу боюнча бардык иштер үстүбүздөгү жылдын 8-мартына чейин жыйынтыкталышы зарыл, ошол эле учурда ар бир акимдин Айыл чарба министрилиги менен биргеликте иштелип чыккан вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча конкреттүү иш-планы болушу тийиш», — деди Жапаров.

Кеңешмеге облус жетекчилери, район акимдери онлайн форматта катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM