Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 12-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу жолдордо кар жаап, муз тоңот.
Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +9…+11 градус болот.