Биз менен байланышыңыз

Түрк мамлекеттери уюму Казакстандагы кырдаалды талкуулайт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 225 | 0

Түрк мамлекеттери уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бүгүн, 11-январда онлайн жыйын өткөрөт. Бул тууралуу sabah.com.tr маалымат сайты жарыялады.

Онлайн отурумда алар Казакстандагы акыркы жагдайларды талкуулай турганы айтылды. Жыйынга Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу төрагалык кылып, ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн министрлеринен тышкары байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышат.

Түрк мамлекеттери уюмуна Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан мүчөлүккө өткөн. Ал эми Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу өлкө катары кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM