Биз менен байланышыңыз

Нью-Йоркто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 19 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 324 | 0

АКШнын Нью-Йорк шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 19 адам каза тапты, алардын 9у жаш балдар болгон. Бул тууралуу Америка басылмалары жазды.

Өрт 19 кабат имараттын үчүнчү кабатынан башталган. Кырсыкка электр жылыткычынын бузулганы себеп болгону айтылды.

Жеринде шаардык өрт өчүрүү башкармалыгынын 200дөн ашуун кызматкери иштеген.

Каза тапкандардан сырткары 50дөн ашуун адам жабыркаган, алардын 13үнүн абалы оор экени кабарланды. Оорукана жетекчилигинин айтымында, алардын көпчүлүгү түтүнгө, иске уугуп калышкан.

Бул өрт Нью-Йорк тарыхында отуз жылдан ашуун убакыттан эң көп адам каза тапкан кырсык катары катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM