Биз менен байланышыңыз

Жер титирөөдөн Улуу Кытай сепилинин бир бөлүгү көчүп түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 305 | 0

Кытайдын түндүк-батышындагы Цинхай провинциясында болгон жер титирөөдөн улам Улуу Кытай сепилинин бир бөлүгү көчүп түштү. Бул тууралуу Global Times басылмасы жазды.

«Силкинүү очогунан 114 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Ганьсу провинциясынын түндүк-батышындагы Шандан уезди тарапта Улуу Кытай сепилинин эки метрден ашык бөлүгү көчүп түштү», — деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөнүн күчү 6,9 баллга жетип, 10 чакырым тереңдикте болгон. Кыйроолор жергиликтүү маданий эстеликтерди текшерүү учурунда аныкталган. Учурда адистер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Улуу Кытай сепили Мин династиясынын тушунда (1368-1644), тышкы баскынчылардан коргонуу максатында тургузулган. Сепил түштүк жана түндүк бөлүктөргө бөлүнүп, Сары деңиздин Ляодун булуңунан Гоби чөлүнө чейин созулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM