Биз менен байланышыңыз

Президенттин басма сөз катчысы Садыр Жапаровдун жазгандарына комментарий берди

Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 445 | 0

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун жазгандарына комментарий берди. Анын айтымында, мамлекет башчысынын сөздөрү туура эмес чечмеленип жатат.

Ал төмөнкүдөй тактоо киргизген.

«Президент Жапаров кыргыз тарап акцияга катышпаган жана жоопкерчиликке адилетсиз тартылып жаткан Кыргызстандын бардык жарандарын коргой турганын жана алар үчүн катуу күрөшөрүн так билдирди. Редакциялардан президенттин сөздөрүн туура чечмелөөсүн өтүнөм», — деди Султанбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаровду өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы боюнча пикирин калтырган.

Садыр Жапаров: Адилетсиз жоопкерчиликке тартылган жарандарыбыз үчүн катуу күрөшөбүз

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM