Биз менен байланышыңыз

Басма сөз катчы: Казакстан президенти кайрылууларынын баарын өзү жазат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 641 | 0

Казакстан презденти Касым-Жомарт Токаев башаламандык учурлардагы калкка кайрылууларынын баарын өзү жазганын анын басма сөз катчысы Берик Уали «Хабар-24» телеканалына берген маегинде айтты.

«Мамлекет башчысынын акыркы чечимдери менен кайрылууларына байланыштуу маалымат айдыңында ар кандай жоромолдор болуп жаткандыктан, буларды кабарлап коюуну туура көрдүм: Касым-Жомарт Токаев мамлекеттин эң жогорку кызмат адамы, коопсуздук кеңешинин төрагасы. Андыктан ал чечимди өз алдынча кабыл алат. Казакстандын конституциялык түзүлүшүн бузуу үчүн бандиттер чабуул жасаган кайгылуу күндөрдө да ошондой болду. Мекендештерге арналган бардык кайрылууларын адатынча өзү жазды; сырттагы кеңешчилеринин колдоосуна таянган жок. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, дагы да кайталайм, мамлекет башчынын иши тууралуу маалымат таратып, түшүндүрмө берүүгө президенттин басма сөз катчысынан башкалардын укугу жок», — деди Берик Уали.

Айта кетсек, Казакстандагы социалдык тармактын колдонуучулары Касым-Жомарт Токаевдин акыркы күндөрдөгү кайрылуулары алгачкы күндөрдөгү кайрылууларынан кыйла айырмаланганын сынга алышып, аларды президенттин өзү жазганына күмөн саноолор пайда болгон. Атап айтканда, Токаев алгач «элдин үнүн угуу», «диалогго баруу», «саясий реформа» сыяктуу сөздөрдү колдонуп келсе, акыркы кайрылууларында «террорчулар», «бузукулар», «кемакыл жигердүүлөр» деген сыяктуу сөздөрдү колдонуп, аты аталбаган тараптар менен күрөшөрүн белгилеп турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM