Казакстандагы башалламандык боюнча кармалгандардын бири сурак малында Кыргызстандан келгенин айтып, акча үчүн жолугушууну сунуштаганын билдирген. Бул сурак видеосу кыргызстандык социалдык тармактарында нааразычылыктарды жаратты.
«Бул биздин эски досубуз, музыкант, биз аны менен көп жылдар бою иштешкенбиз. Бул видеодо анын токмок жегени көрүнүп турат. Ал жумушсуз эмес. Викрам Кыргызстанда белгилүү, таанымал музыкант «, — деди ырчы Юлия Руцкая.
Руцкая Рузахуновго текстти жазып берген болушу мүмкүн деп эсептейт. Музыкант жакында эле Казакстанга барган, бирок Руцкая эмне максатта экенин билбейт. Ошондой эле ырчы музыканттар КР бийлигине кайрылуу даярдап жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Казакстанда кармалгандардын бири Кыргызстандан келгенин айтып, акча үчүн жолугушууну сунуштаган. Сурактын видеосун Qazaqstan телеканалы жарыялады.
Ага 1-январь күнү ага белгисиз адамдар телефон чалып, митингге катышканы үчүн 90 миң теңге (17 миң 500 сомдой) сунушташканын айтууда. Учак жана жатакана акысын да төлөп бергенин айтат.
Анын айтымында, ал отурукташкан батирде дагы 10 адам болгон, алардын арасында Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары да болгон.