Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Өлкө жетекчилиги Казакстандагы кырдаалга көз салып турат

Кыска кабар | 5 Янв 2022 | 338 | 0

Өлкө жетекчилиги боордош Казакстандагы кырдаалга көз салып турат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“Кыргыз тарап жалпы казак элинин жыргалчылыгына жана өлкө келечегине багытталган туура жана алгылыктуу чечим табыларына ишенет”, — деп белгиледи Эрбол Султанбаев.

5-январда Казакстандын өкмөтү отставкага кеткени кабарланып, тийиштүү токтомго өлкө президенти Касым Жомарт Токаев кол койгон. Бирок нааразычылык акциялары дале уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM