Биз менен байланышыңыз

Японияда жолборс адамдарга кол салды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2022 | 354 | 0

Токионун түндүгүндө жайгашкан Точиги провинциясындагы Насу Сафари паркында жолборс адамдарга кол салып, 3 эркек, 2 аял жаракат алды. Бул тууралуу NHK телеканалы билдирди.

Окуя кампустун кызматкерлери эки жолборсту тамактануу жайынан зыяратчылар көрө турган жерге алып бара жатканда болгон.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү иш алып барды.

Оор жаракат алган 20 жаштардагы аял тик учак менен ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Бул окуядан кийин 70 түрдөгү 700 жаныбар жашаган «Насу Сафари» паркы зыяратчылар үчүн убактылуу жабылганы жарыяланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM