Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Нур-Султанга да өзгөчө абал киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2022 | 407 | 0

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына да өзгөчө абал режими киргизилди. Бул тууралуу Nur.kz маалымат агенттиги жазды.

Агенттиктин маалыматына караганда, жарандардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралганына байланыштуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизген.

Өзгөчө абал Нур-Султан шаарында 5-январдан 19-январь саат 00:00гө чейин уланат.

Нур-Султанда 5-январга караган түнү, саат 23.00дөн таңкы 07.00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Өзгөчө абал мезгилинде коомдук тартипти, маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди, ошондой эле калктын жашоосун жана транспорттун иштешин камсыз кылуучу чаралар күчөтүлөт.

Буга чейин Алматы шаарында, Алматы жана Мангыстау облустарында 19-январга чейин өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Массалык иш-чаралар жана иш таштоолор, курал-жарактарды, ок-дарыларды жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган.

5-январда Казакстандын өкмөтү отставкага кеткени кабарланып, тийиштүү токтомго өлкө президенти Касым Жомарт Токаев кол койгон. Бирок нааразычылык акциялары дале уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM