Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Демонстранттар Алматыдагы мэрияга кирип барышты (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2022 | 1482 | 0

Алматыдагы нааразылык акциясына чыккандар мэриянын имаратына кирип барышты. Бул тууралуу казакстандык жергиликтүү телеграм каналдары жарыялашты.

Топтолгондор биринчи кабаттын терезелерин сындырып, имаратка бир нече тараптан киришкен. Жакын жерде маал-маалы менен жарылган ок угулат. Мэриянын үстүнөн кара түтүн көтөрүлүп, экинчи кабаттын терезелеринен өрт чыгып жатканы көрүнөт.

Буга чейин демонстранттар полиция менен кагылышып, күч кызматкерлерин сабап, калкандары менен каскаларын алып кетишкени маалымдалган. Полиция атайын техниканы, анын ичинде үн чыгаруучу гранаталарды колдонуп жатышкандыктары кабарланган.

Алматыда 19-январга чейин өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.  Массалык иш-чаралар жана иш таштоолор, курал-жарактарды, ок-дарыларды жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Алматыдагы соңку башаламандыкта жалпы 190 адам жабыркап, анын ичинен 137 адам милиция кызматкери экендиги кабарланган.

2-январда Казакстандын Мангистау облусунда жергилктүү тургундар газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Алар суюлтулган газдын бир литри кескин түрдө 60 теңгеден 120 теңгеге чейин кымбаттаганын, аны арзандатууну талап кылышкан. Нааразычылык акциясы Казакстандын бир катар облустарын камтып, милиция демонстранттарга каршы күч колдонгону кабарланган.

Бүгүн, 5-январда Казакстандын өкмөтү отставкага кеткени кабарланып, тийиштүү токтомго өлкө президенти Касым Жомарт Токаев кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM