Биз менен байланышыңыз

Алматыдагы башаламандыктан 190 адам жабыркады

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2022 | 283 | 0

Алматыдагы соңку нааразылык акцияларынан кийин медициналык мекемелерге жалпы 190 адам кайрылган. Анын ичинен 137 милиция кызматкери, 53 жай тургун жабыркаган.

Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги шаардын саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматына таянып жазды.

«Медициналык мекемелерге жалпы 190 адам кайрылган, анын ичинен 150ү тез жардам кызматына, 40ы өз алдынча кайрылган. Учурда 40 адам ооруканага жаткырылып, анын ичинен 7 жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө, аталгандардын ичинен төртөө милиция кызматкерлери», — деп айтылат маалыматта.

2-январда Казакстандын Мангистау облусунда жергилктүү тургундар газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Алар суюлтулган газдын бир литри кескин түрдө 60 теңгеден 120 теңгеге чейин кымбаттаганын, аны арзандатууну талап кылышкан. Нааразычылык акциясы Казакстандын бир катар облустарын камтып, милиция демонстранттарга каршы күч колдонгону кабарланган.

Бүгүн, 5-январда Казакстандын өкмөтү отставкага кеткени кабарланып, тийиштүү токтомго өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Алматы шаарында 19-январга чейин өзгөчө абал киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM