Биз менен байланышыңыз

Эрдоган түрк экономикасынын оор мезгили артта калганын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2022 | 385 | 0

Түрк экономикасында түрк лирасынын кунунун рекорддук төмөндөөсү аяктады. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын аймактык бөлүм башчыларынын жыйынында билдиргенин Anadolu маалымат агенттиги жазды.

«Бул процессте биз келечегибизди аныктай турган маанилүү кесилиштерге туш болуп жатабыз. Өлкө кайрадан сыноолорду башынан өткөрүп жатат. Биз түрк элин валюта рыногундагы туруксуздуктун жүгүн жана бааларды жасалма жогорулатуудан арылтууга чечкиндүү аракеттерди көрүүдөбүз», — деди Эрдоган.

Президент ошондой эле Түркия элин «өкмөттүн аракетинин үзүрүн көрүүгө» жана бийлик «өз максатына кадам сайын жакындап жатканын» белгиледи. Түркия президентинин айтымында, муну 225 миллиард долларга жеткен улуттук экспорттун көлөмү далилдеп турат.

Буга чейин Эрдоган эки эсе арзандаган улуттук валютанын кунунун төмөндөөсүнө каршы чукул чараларды көрөрүн билдирген.

Декабрь айында Стамбул биржасы лиранын арзандоосунан улам автоматтык түрдө эки жолу соодасын токтоткон. Мамлекет башчы жарандарды доллар менен эмес, түрк лирасын сатып алууга чакырды. Президент бир нече айдан кийин инфляция төмөндөп, лиранын куну көтөрүлөөрүн убада кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM