Биз менен байланышыңыз

Швециянын падышасы менен ханайымы коронавирус жуктуруп алды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2022 | 255 | 0

Швециянын падышасы Карл XVI Густаф менен ханайымы Сильвия коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Euronews телеканалы менен билдирди. 

«Эмдөөнүн үч дозасын тең алган падыша менен ханайымдын абалы туруктуу, азыркы учурда өздөрүн жакшы сезишүүдө”, — деп айтылат падыша сарайынан жарыяланган билдирүүдө.

Алар эрежелерге ылайык сарайда обочолонгон. Учурда дарыгерлер падыша үй бүлөнүн саламаттыгын көзөмөлдөп жатышат.

Карл XVI Густав менен Сильвия Швециянын падышалык үй бүлө мүчөлөрүнүн ичинен коронавирусту жуктуруп алган биринчилерден эмес. 2020-жылдын күзүндө падышанын уулу ханзаада Карл Филипп жана анын жубайы София ковид жуктуруп алышкан.

2021-жылдын жазында мураскор ханыша Виктория менен ханзаада Даниелге да инфекция жуккан. Бирок алар катуу оорушкан эмес.

Швецияда пандемия башталгандан бери 1,3 миллиондон ашык адам ковидди жуктуруп, алардын 15 миңден ашыгы каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM