Биз менен байланышыңыз

Ошто Калмаматовдун тарапташтары митингге чыгышты

Кыска кабар , Саясат | 4 Янв 2022 | 848 | 0

Камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун жакындары жана тарапташтары 3-январда Ош шаарындагы аянтка митингге чыгышты. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

Саясатчынын тарапташтары «Калмаматовго Боштондук!», «Калмаматовду колдойбуз!», «Ак ийилет, бирок сынбайт» жана башка жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Бактыбек Калмаматовдун бир тууганы Тынчтык Калмаматовдун айтымында, милиция майрам күндөрү митинг уюштурууга болбой турганын айтып, аны өткөрүүгө тыюу салган. Микрофондор өчүрүлүп, сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Саясатчынын тарапташтары президентке, УКМК төрагасына жана Башкы прокурорго кайрылуу жасашкан.

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда түнкүсүн «Манас» аэропортунан кармалган. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылууда.

Саясатчынын тарапташтары коюлган айыпты четке кагып, куугунтук катары сыпатташууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM