Биз менен байланышыңыз

«Омикрон» штаммынан улам миңдеген аба каттам токтотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2022 | 792 | 0

Коронавирустун «омикрон» штаммына байланыштуу 1-январдан тарта дүйнөдө 8 миңден ашуун аба каттам токтотулду. Бул маалымат Flightaware.com сайтына жарыяланды.

Сайттан алынган маалыматка караганда, белгисиз мөөнөткө токтотулган аба каттамдардын көбү, тактап айтканда, 5 миңге чукулу Америка Кошмо Штаттарына таандык.

Рождество майрамы Европа жана Америка элинин эң көп саякаттаган күнү болгонуна, бул күндөрү авиакомпаниялар, аэропорттор эң көп киреше табарына карабай, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү бир катар чектөөлөрдү киргизүүгө аргасыз болуп жатканын жазышты АКШ басылмалары.

Жон Хопкинс окуу жайынын статистикасы боюнча алып карасак, АКШда «омикрон» жугузгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

Ал эми Францияда күн сайын 200 миңге чукул же ашуун адам коронавирустун жаңы штаммына чалдыкканы катталууда.

Улуу Британияда 31-декабрда 189 миң 846 адам коронавируска чалдыккан, булардын көбүнөн «омикрон» штаммы аныкталган.

Португалия менен Австралияда да илдетке чалдыккандар күн санап көтөрүлүп баратканы белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM