Биз менен байланышыңыз

Алимбаев чек арачыларды жаңы жылы менен куттуктады

Кыска кабар | 31 Дек 2021 | 302 | 0

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районундагы чек арачыларды жаңы жылы менен куттуктоо үчүн «Тамдык» тозотуна барды.

Облус жетекчиси өз сөзүндө чек арачылардын ишинин маанисин, көтөргөн жүгүнүн канчалык экенин баса белгилеп, аларга ыраазычылык билдирип өттү.

Ошондой эле ал Баткен районундагы Ак-Сай постуна, Капчыгай чек ара тозотуна, Улуттук Гвардиянын аскерлери кызмат өтөгөн «Головной» тилкесине да барып, чек арачыларды куттуктап, баалуу белектерди тапшырды.

Сапардын жүрүшүндө Алимбаев чек ара тозотторунун, посттун иши менен таанышып, чек арачыларга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн бардык аракеттер жасаларын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM