Connect with us

Кыргызстанда 4 миңге жакын үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлүшү керек

Кыска кабар | 30 Дек 2021 | 203 | 0

Кыргызстанда 3 миң 859 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлүшү керек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлик жаңы жылдан кийин кооптуу аймактарды кыдырып, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарандарды коопсуз жайга көчүрүү аракетин баштайт.

«Учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жашоого мүмкүн эмес делген аймактарды аныктап, корутунду чыгарып, 3 миң 859 үй-бүлөгө көчүп кетүү керектигин эскерткен. Бул үчүн 2 миң 488 үй-бүлөгө мамлекет кайтарымсыз негизде каражат жана жер тилкесин бөлүп берген. Ага карабастан, жарандар бүгүнкү күнгө чейин ошол жакта күн кечирүүдө. Буга ал мекендештерибиз өзүлөрүнүн үй-жайын, ата-бабасы мекендеген ата-конушун таштап кеткиси келбегенин айтышат», — деп айтылат маалыматта.

2020-жылы Жалал-Абаддын Аксы, Сузак, Базар-Коргон райондорунун жана Майлуу-Суу шаарындагы кооптуу деп табылган аймактардан жалпы 185 үй-бүлө көчүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM