Биз менен байланышыңыз

ACBJJ: Нурболот Жыргалбеков эки жолу Дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 30 Дек 2021 | 877 | 0

27-30-декабрь күндөрү Москва шаарында өткөн Бразилия жиу-житсусу боюнча Жогорку Дүйнө чемпионатында (ACBJJ) кыргызстандык спортчу Нурболот Жыргалбеков эки жолу алтын медаль тагынды. Бул кабарды Нурболот өзү «Маралга» сүйүнчүлөдү.

Чемпионатта Америка, Европа, Азия континенттеринин бир катар өлкөлөрүнөн, ошондой эле КМШ мамлекеттеринен келген спортчулар күч сынашкан. Мелдештер кимоно менен жана кимоносуз деген эки түр менен өтүп, Нурболот эки түрүнөн тең чемпион аталган.

Спортчунун айтымында, алгачкы кимоно менен жиу-житсунун Gi түрүнөн төрт беттеш өткөрүп, төртөөнү тең жогорку упай менен жеңип алган.

Кийинки күнү да кимонсуз Nogi түрү боюнча 4 жолу күч сынашып, баарында артыкчылыктуу упайларга жетишкен.

Ал экинчи күнү финалдык беттеште дагестандык балбан менен болгон күрөшү өтө оор өткөнүн, жыйынтыгында 5:2 менен утканын белгилейт.

Айта кетсек, Жогорку Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 20 спортчу барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM