Connect with us

Бишкектен нашаа жасаган лабораториянын ээси кармалды

Кыска кабар | 30 Дек 2021 | 285 | 0

Бишкектеги батирлердин биринен баңгизат жасаган лаборатория табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Бишкек шаарынын тургуну Телеграм-канал ачып, ал аркылуу өзү үйүндө даярдаган нашааны жана психотроптук заттарды сатып келген.

Бул боюнча маалымат алган милиция кызматкерлери атайын операция жүргүзүп, интернет-дүкөндүн администраторунан мефедрондун чоң партиясын сатып алмакчы болушкан.

Ал кардар кейпин кийген опер кызматкер менен жолугушууга келген кезде, Чуйков көчөсүнөн колго түшкөн.

Шектүүнүн үйүн тинткен учурда 1,5 килограмм мефедрон, 800 грамм альфа-ПВП табышкан. Ал буларды лабораториясында даярдап келген.

Алынган баңгизаттардын жалпы баасы 9 млн 900 миң сомду түздү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM