Биз менен байланышыңыз

Майрамда жакындарыңыздын маанайын көтөрө турган белектер (тизме)

Блог | 30 Дек 2021 | 435 | 0

Жаңы жылга карата жакындарыңызга кызыктуу белектерди чогултуп койдук. Тандооңузду жеңилдетүү үчүн бир топ оригиналдуу белектерди сунуштайбыз:

Акылдуу саат

Эч бир адам кошумча кызматтары бар саркеч буюмдарынан баш тартпайт. Бул акылдуу сааттарды 3 миң сомдон жогорку баада алсаңыз болот. Саатты эркек же аял деп тандабастан, экөөнө тең берсеңиз болот.

Чөнтөк принтери

Чөнтөк принтери сизге сүйүктүү сүрөттөрүңүздү ашыкча түйшүксүз басып чыгарууга мүмкүндүк берет. Телефонуңузга түшкөн сүрөттү болгону бир нече секунданын ичинде чыгара аласыз. Чөнтөк принтеринин баасы 4000 миң сомдон жогору турат.

Мультипекарь

Бир эле учурда бир нече жумуштарды алмаштырган, бирок ошол эле учурда аз орунду ээлеген бардык айымдардын ашкана жардамчысы. Мультипекарь жаңы жылдык дасторконду даамдуу тамактын түрлөрү менен толтурууга жардам берет. Анын баасы 6 миң сомдун тегерегинде сатылат.

Пикник үчүн комплект

Эгер сиз үй-бүлөңүз менен жаратылышка көп чыксаңыз, пикник үчүн идиш-аяк жана шаймандардын топтому сонун белек болот. Бул комплекттер сизге керектүү нерселердин бардыгын камтыйт. Мындан тышкары, компоненттер компакттуу бүктөлгөн жана ташуу учурунда жеңил болот. Комлект 500 сомдон жогору алсаңыз болот.

Өзгөчө байпактар

Ал эми кышкы белек катары дайыма берилип келе жаткан классикага айланган белек – бул жылуу байпак. Учурда алардын ар кандай дизайн менен даярдалган бир топ түрү сатыкка чыккан. Байпакты 200 сомдон жогорку баада тандоого мүмкүнчүлүк бар.

Ноутбук коюучу стенд

Бул пайдалуу аксессуар компьютерде иштөөнүн ыңгайлуулугун жогорулатат жана каалаган жерде ыңгайлуу жумуш ордун түзөт. Ар бир адам үчүн пайдалуу белек. Ноутбук коюучу стенддин баасы 1000 сомдон өйдө сатып алсаңыз болот.

 

Электр тиш щеткасы

Заманбап электр щеткалары тиштерди тазалоодо кадимки щеткага караганда алда канча натыйжалуу. Тишти таза жана туура жууганга жардам берет. Ошондой эле мындай щеткаларда вибрациянын жардамы менен керектүү тазалоо убактысын көрсөтүүчү таймер бар. Электр тиш щеткасы 2 миң сомдун тегерегинде сатылат.

Өзгөчө жыттанган атыр

Майрамдык атмосфераны түзүү үчүн жакын адамыңызга өзгөчө жыты бар парфюмерия бериңиз. Бул белек эч кимди нараазы калтырбайт. Анын баасы 200 сомдон өйдө турат.

Диффузор

Диффузор үй шартында назик, жагымдуу жыттарды сүйгөн кыздар үчүн сонун белек. Диффузор менен жыттын интенсивдүүлүгүн тууралай аласыз. Бир таякчаны салып, араң сезилүүчү жыпар жыттуу ноталарды кармаңыз же дагы бир нечесин кошуп, аны күчөтсөңүз болот. Бул белекти 500 сомдун тегерегинде алсаңыз болот.

Термос

Кыштын суук күндөрүндө ысык чай же кофеден артык эмне болушу мүмкүн? Жакшы термос менен сизде дайыма жылуу суусундук болот. Термос 400 сомдон жогору баада сатылат.

Үйгө кийилүүчү бут кийим

Үйгө кие турган жылуу бут кийим жакындарыңызга терезенин сыртында үшүк болгондо өзүн ыңгайлуу сезүүгө жардам берет. Бул белек учурда оригиналдуу жана ар бир алган адам үчүн пайдалуу. Баасы 300 сомдон жогору турат. Табитке жараша тандасаңыз болот.

Мотиватор

Мотиватор оригиналдуу жаңы жылдык белек. Жакыныңыздын алдыга койгон максаттарына жетүүгө жардам берет. Келерки жылга амбициялуу пландары бар адам үчүн алмаштырылгыс жардамчы болуп калат. Мотиватор 1000 сомдун тегеринде сатылат.

Жаңы жылдык 3D-лампа 

Албетте, бул адаттан тыш 3D жаңы жылдык балаты чыныгы балатыны алмаштыра албайт. Бирок ал бөлмөдө майрамдык атмосфераны оңой эле түзө алат. Бөлмөгө кирген ар бир адамга жагымдуу маанай тартуулай алат. Белек 500 сомдун тегерегинде турат.

Телефонго чехол

Телефонго кийилүүчү чехол белекке берсеңиз пайдалуу болот. Учурда ар бир адамды бул белек кызыктырбай койбойт. Жакыныңыз үчүн керектүү жаңы жылдык белек боло алат. Анын баасы 100 сомдон жогору турат.

Жагымдуу кечеге билет

Кино, спектакль же концертке билет белекке бериңиз. Жакыныңызга эсте каларлык жаңы жылдык маанай тартуулаңыз. Жаңы жылды шаңдуу маанай менен өткөрүүгө жардам берет. Баасы ар кандай суммада болушу мүмкүн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM