Биз менен байланышыңыз

Нурбек Муктар: Марипов өкмөттө отурган 5-6 ай «өлүк сезон» болду

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Дек 2021 | 1187 | 0

Улукбек Марипов өкмөттө отурган 5-6 ай «өлүк сезон» болду. Мындай пикирин серепчи Нурбек Муктар «Маралдын» эфиринде билдирди.

Бул убакта бийлик шайлоо менен жана кызмат бөлүштүрүү менен алек болду.

«2021-жыл мен үчүн кадрдык башаламандык, инфляция, Конституция, уу коргошун,  Баткен кризиси, Орхан Инандынын уурдалышы, жайындагы суу кризиси менен эсте калды. Анан электр энергиясы кризиси, көмүр кризиси башталды. Кийин шайлоо кризиси болду, анан Текебаев, Жанар Акаев кризиси болду. Мына ушундай окуялардан улам элдин башы айланып эле отурду. Негизи саясат экономиканы башкарат. Саясатта болуп жаткан окуялардан улам экономика дагы жабыркайт. Бул жыл экономика үчүн, өндүрүш үчүн ийгиликтүү жылдардан болгон жок», — дейт серепчи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM