Биз менен байланышыңыз

Гурас Жапаров: Быйыл экономика эмес, саясат менен алек болушту

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Дек 2021 | 758 | 0

2021-жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн жакшы деле жыл болгон жок. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал быйыл өлкөдө негизинен саясий ар кандай окуялар, өзгөрүүлөр көп болуп, экономика каралбай калды деген оюн айтты. Инфляция болуп, күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баары кескин кымбаттады. Инфляция менен күрөш аябай начар жүрдү.

«Финансы министри да, Министрлер кабинетинин төрагасы да экономикалык көрсөткүчтөр 2,4%га өстү деп жатышат. 2,4%  — бул статистикалык өсүү. Биздики бутуна жаңы туруп келе жаткан экономика болгондуктан, 2,4 % эч нерсе бербейт, өскөн жок дегенге эле барабар. 8%дан жогору болсо болмок», — дейт ал.

Ал быйыл кичине жанданган тармак катары соода-сатыкты атап өттү. Бирок ал тармактын көрсөткүчтөрүн пандемияга чейинки 2019-жылга салыштырсак, ал да начар болду. Өндүрүш тармагы солгундап кетти. Бүгүнкү күнү эмгек рыногу аябай начарлап, кесепетинде эмгек миграциясы күчөдү.  Андан тышкары өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу маселеси курч турат. Алдыда январь-февраль айлары бар. Күзгө  жеткидей азык-түлүктүн камын көрүшүбүз керек. Бул — тез чечүүнү талап кылган маселелердин бири.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM