Биз менен байланышыңыз

«Айыл банктын» директорлор кеңешин башкарууга министрдин компетенттүүлүгү жетеби?

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Дек 2021 | 796 | 0

«Айыл банктын» директорлор кеңешинин төрагасы стратегиялык жолугушууларды көп өткөрүшү керек, ошого министрдин убактысы болобу? Мындай соболду экономист Муратбек Исмаилов «Маралдын» эфиринде айыл чарба министринин кеңешке төрага болушун талкуулоо учурунда салды.

Анын айтымында, корпоративдик башкаруу системасында негизинен кишинин компетенттүүлүгү каралат. Ал министр болобу, же башка киши болобу, башкысы ошол банктын стратегиялык тармагын тартып кетчү компетенттүү киши болушу керек. Бирок ал президент, же Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалбай, принциптердин негизинде дайындалуусу шарт.

«Эгер министр төрага болсо, анын компетенттүүлүгү банктын стратегиялык жагын тартып кеткенге жетиштүү деп табылса, анда экинчи маселе туулат — ал министр болуп дагы, банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп дагы иштей алабы? Анда азыркы ээлеп турган кызматы банктын ишине кандай таасирин тийгизет? «Айыл банктын» уставында мындай деп жазылып турат: «Бул кеңеш ишкананын, банктын стратегиялык тармагынын үстүндө иштеген кеңеш болуп эсептелет. Анын негизинде алар эки жакка чыгып, кишилер менен, анын ичинде мамлекеттик органдар менен жолугушууларды өткөрүшү керек, эл аралык уюмдар менен жолугушу керек», -деп. Кеңештин төрагасы дегеле стратегиялык жолугушууларды өтө көп өткөрөт. Ошого министрдин убактысы жетеби?» — дейт экономист.

Анын пикиринде, министр кеңешке төрага болгон учурда бир четинен мамлекеттин атынан, экинчиден корпоративдик бир ишкананын дагы атынан чыгып калат. Эгер башка бир мамлекеттик органга барса, кызыкчылыктар кагылышы орун алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM