Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Орусия вакцина чыгаруу боюнча алдыңкы бештикке кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 252 | 0

Оруссия коронавируска каршы вакциналарды өндүрүү жана экспорттоо боюнча алдыңкы бештикке кирди. Жыл ичинде ички жана тышкы рынокко 230 миллиондон ашык, анын ичинде Кытай өлкөсүнө 4,5 миллиард доза чыгарылган.  Бул тууралуу «MIR-24» жазды.

Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү эң популярдуу вакцина Кытайдын SinoVac вакцинасы болуп чыкты. Ал эми өндүрүш жана экспорт боюнча экинчи орунда Европа Биримдиги жана анын AstraZeneca вакцинасы турат. Индия жана Америка Кошмо Штаттары да алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн катарына кирет.

Акыркы маалыматтарга таянсак Орусия Sputnik V вакцинасын дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнө экспорттоодо. Келечекте Орусия алгачкы жолу Африкага бекер дары-дармек жөнөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM