Биз менен байланышыңыз

Насыя алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча комиссиянын биринчи кеңешмеси өттү

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 279 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев насыя каражаттары боюнча карыздарды өндүрүүдө мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалымдаган жарандардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрдү.

Ведомстволор аралык комиссия Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык түзүлгөн. Ошондой эле насыя алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, ведомстволор аралык комиссиянын алдына жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана насыя алуучулардын маселелерин чечүүнүн тийиштүү жолдорун табуу милдети коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM