Биз менен байланышыңыз

«Министрдин банктын директорлор кеңешин жетектеши мыйзамга туура келбейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Дек 2021 | 316 | 0

Мамлекеттик органдын жетекчисинин банктын директорлор кеңешин жетектегени жатканы — бул прецедент, мунун артынан жаман иштер болуп кетиши мүмкүн. Мындай пикирин мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, банк сектору башка мамлекеттик органдардан көз карандысыз орган болушу керек. Ал жерде өзүнүн мыйзамдары, өзүнүн жоболору бар. Ал эми мамлекеттик, саясий ишмердин бир банктын директорлор кеңешин башкарып жатканы бул түздөн-түз мамлекеттик органдын, өкмөт тараптын банк секторунун ичине кирип жатканы.

«Мунун артынан жаман иштер болуп кетиши мүмкүн. Анткени эгерде азыркы министрди эле алсак, мен билгенден ошол эле «Айыл банкта» анын кредиттери бар, андан тышкары малдын лизинг сыяктуу продуктуларды чогуу жасашкан,  бул жакта кызыкчылыктардын кагылышы деген да бар», — дейт Токтогазиев.

Ал  өзү аппаратта иштеп турганда бул маселе көтөрүлгөнүн, бирок банк секторунун өкүлдөрү, эксперттер менен кеңешүүдөн кийин  эч качан мындай кадамга барбаш керек деген чечимге келишкенин айтты.

«Анткени бул балансты бузуп салат. Айыл чарба министрлигинин эң негизги функциясы — бул айыл чарбасын өнүктүрүүнүн саясатын аныктоо. Ансыз деле министрдин токтомдору, мыйзамдар аркылуу саясатты аныктап, кредитти берүү, лизингди берүү шарттарын аныктап, мамлекеттен же бюджеттен кошумча каражаттарды таап, эл аралык уюмдардан дагы акчаларды алып келип банк секторуна киргизип берсе болот. Көзөмөл функциясын деле берсе болот эле, анткени бул — ансыз деле мамлекеттик банк. Бул жакта көбүнчөсү «бизге дагы бергиле, дагы» деген ач көздүккө окшош болуп жатат», — дейт ал.

Токтогазиев учурда Айыл чарба министрлигинде 11500 киши иштеп жатканын, анын баарын башкаруу дагы оңойго турбасын белгиледи.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM