Биз менен байланышыңыз

«Баткенде курал-жаракты жана аскерлерди күчтөндүрүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Дек 2021 | 996 | 1

Баткенде курал-жарактарды жана аскердик күчтөрдү дагы да күчөтүү керек. Мындай пикирин коомдук жана саясий ишмер Максатбек Дыйканов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, облус жаңы түзүлгөндө убагында көрүлгөн адекваттуу чаралардын арты менен бир топ позициялар алынган. Ошондо чек арага бою 180ден кем эмес, абдан такшалган балдар барсын деген талап коюлган. Бул кошуна тараптын мизин кайтаруу үчүн маанилүү эле.

Андан тышкары 3-4 ай мурун Баткен облусуна атайын статус берүү мыйзамы кабыл алынды. Кийинки маселе облуска бөлүнө турган акчанын убагында берилип, туура пайдаланылышы.

«Баткен жаңы облус болуп түзүлгөндө, жылына 100 миллиондон акча бөлүнөт деп айтылган. Эки жыл акча аз-аздан бөлүнүп, андан кийин бөлүнбөй калган да учурлар болгон. Бирок менде азыркы бийлик катуу киришкенине ишеним бар, акча бөлүнөт болуш керек. Эми ошону ачык-айкын кылып, элди сугат суу, таза суу менен камсыз кылса эле, бир топ жерлер өздөштүрүлүп, эл көчпөй ошол жакта калып иштеп, Баткен облусун өнүктүргөнгө салым кошот», — дейт ал.

Экинчиден, Баткенге өнөр жай ишканаларын куруу керек. Баткенде абдан жакшы запастар бар, мисалы, алюминий, жер семирткич өндүрүү запастары. Аларды иштетүү үчүн аз-аздан болсо да, инвестор тартып, өнөр жай ишканаларын куру зарыл.

1 пикир

1 пикир

  1. Максат айылы

    31.12.2021 21:37

    Баткенди курал жарак менен кучтондуруш керек дейсиз тууру айтасыз кече апрелдин 28 инде тажиктердин селый дивизясыга 20 чакты погран дын балдары туруштук берди маладес танка БТР болбосо дагы. Аларда бир миномет машиненин устундо. Бул биздикилер бишкекте эмне кылат ошолор келбейби же элге курал бербейби же таш менен уралыбы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM