Биз менен байланышыңыз

COVID-19: дүйнөдө орточо эсеп менен күн сайын 43,4 млн доза вакцина алынууда

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 295 | 0

Дүйнөдө коронавируска каршы эмдөөлөрдүн саны 8,95 миллиардга жетти. Бул тууралуу Bloomberg өзүнүн эсебине карата билдирди.

Белгиленгендей, дүйнөдө орточо эсеп менен жарандар күнүнө коронавируска каршы 43,4 миллион доза вакцина алышат. Эгер бул көрсөткүчтөр улана берсе, беш айдан кийин дүйнө калкынын 75 пайызы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алат, деп жазат агенттик.  Мындай көрсөткүч 38 өлкөдөгө маалыматын негизинде чыккан.

Агенттиктин маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча эмдөөлөр бирдей эмес. «Өнүккөн өлкөлөрдө,  өнүкпөгөн өлкөлөргө караганда 10 эсе тез эмдөө жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Эмдөөнүн жогорку көрсөткүчтөрү Кытайда, АКШда, Францияда, Германияда жана Улуу Британияда байкалат. Эмдөөнүн төмөнкү көрсөткүчтөрү Конго, Чад, Гад жана Йеменде катталган.

Буга чейин Огайо мамлекеттик университетинин (АКШ) илимпоздору Moderna жана Pfizer/BioNTech вакциналарынын күчөткүч дозалары омикрон штаммынан коргоону камсыз кыла аларын аныкташкан. Бул биринчи эки дозанын эффективдүүлүгүн төмөндөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM