Биз менен байланышыңыз

Эртең президент Санкт-Петербург шаарына барат

Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 361 | 0

Президент Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барып, анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Аталган иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Орусиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM