Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 884 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинен 356 адам вакцинанын биринчи дозасын, 488 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 214 миң 169 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 438 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 439 адам коронавирус жугузган. Алардын ичинен 179 миң 545 киши айыгып чыкса, 2 миң 792 адам каза болду.