Connect with us

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынчыды

Кыска кабар | 26 Дек 2021 | 1188 | 0

Чек ара кызматы саат 11:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин, түн эч кандай чыр-чатаксыз өткөнүн маалымдашты.

Кечээ, 25:декабрь саат 14:30 чамасында Тажикстандын чек арачылары Лейлек районундагы Сай тилкесинин тушундагы өздөрүнүн чегине миномёт көмүшкөн. Ошондой эле тажик аскерлери Кыргызстандын Дамба жана Максат айылдарынын тушуна чогулганы белгилүү болгон.

Саат 19:40 чамасында Ош-Баткен-Исфана жолунун Көк-Таш айылынын тушунан тажиктер кыргыздардын 4 унаасын ташка алышкан.  Окуя болгон жерге келген «Көк-Таш» чек ара тозотунун аскерлери асманга үч ирет аткан соң, тажиктер өз аймагына качып кирип кетишкен. Унаалар ар кандай зыянга учураган, жабыркаган адамдар болгон эмес.

Окуя боюнча эки тараптын чек ара башчылары Эки-Таш тилкесинен кездешти. Тажик тарап окуяга катышы бар адамдар изделип жатканын маалымдады.

Чыр-чатактын курчуп кетишине жол бербөө максатында Баткен чек ара кызматынын жетекчиси, УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы окуя болгон аймакка барган.

Учурда аймактын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Чек ара кызматы жеринен көзөмөл жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM