Биз менен байланышыңыз

Баткен облусундагы Исфана шаары Раззаков деп өзгөрүлдү

Кыска кабар | 25 Дек 2021 | 1213 | 0

Быйыл белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн министрлер кабинетинин жыйналышында билдирди.

Президент жыйналыштын жүрүшүндө 2020-жылдын 5-октябрынан тартып аткарылган иштер жөнүндө отчет берип жатып, быйылкы жылдагы иштердин ичинен Баткен окуялары боюнча пикирин айтты.

Анын айтымында, чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек аранын юридикалык тариздөөнүн аяктабагандыгы, айрым участкалар боюнча сүйлөшүү процессиндеги татаалдыктар, Кыргызстанга стратегиялык транспорттук инфраструктуранын коңшу өлкөлөрдүн аймактары аркылуу өтүшү – республиканын аймактык бүтүндүгүнө тикелей коркунуч болууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM