Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус дагы 44 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 25 Дек 2021 | 255 | 0

Кыргызстанда 25-декабрга карата коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 15, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 48 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 283 бейтап, амбулатордук түрдө 334 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 439 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 545 киши айыгып чыкса, 2 миң 792 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM