Биз менен байланышыңыз

Германияда «омикрон» штаммынан бейтап каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2021 | 478 | 0

Германияда COVID-19 «омикрон» штаммына чалдыккан бейтаптын биринчи өлүмү катталды. Бул тууралуу n-tv каналы Роберт Кох вирусология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтап 60-79 жаштагы группада болгон.

Германиядагы реанимация жана шашылыш медициналык кызматкерлердин дисциплиналар аралык ассоциациясынын башчысы Гернот Маркстын айтымында, бир нече жумадан кийин өлкөдө вирустун бул штаммы дагы да үстөмдүк кылат. Германияда 3198 адамдан «омикрон» штаммы аныкталган.

Буга чейин ДССУ «омикрон» өтө тез таралып баратканына, ал тургай иммунитети күчтүү делген өлкөлөрдө да катталып жатканына тынсыздануусун билдирген.

Эске сала кетсек,  «омикрон» штаммынан Улуу Британияда, АКШда жана Израилде үч адам каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM