Биз менен байланышыңыз

«Депутаттар бир күндө 100 мыйзам кабыл алган учурлар болгон»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2021 | 466 | 0

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы ишин ар бир депутат өзүнүн атынан гана добуш берген мыйзамды кабыл алуудан башташы керек. Мындай пикирин бир мандаттуу Биринчи май округунан талапкер болгон Мавлян Аскарбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал VI чакырылыштын депутаттары бир күндө 100 мыйзам кабыл алган учурлар болгонун белгиледи. Андан тышкары ал чакырылыштын депутаттары өкмөт парламенттин кароосуна киргизген мыйзамдардын 98%ын колдоп берген.

«VI чакырылыш 3 президент менен иштеди. Такыр эле бири-бирине карама-каршы келген 2 Конституцияны ооштурду. Биринчи Конституция 2016-жылы кабыл алынып, парламентаризмди бекемдөөгө багытталган Конституция болчу, экинчиси такыр эле 180 градуска бурулуп, каршы кеткен Конституция. Менин айтайын дегеним, VII чакырылыш мурункулардын кылганын кайталабай, ‘эң биринчи эле ар бир депутат өзүнө жоопкерчилик алып, ар бир мыйзамга өзүнүн манжа изи менен добуш бергендей болушу керек», — дейт Аскарбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM