Биз менен байланышыңыз

Аскарбеков: Квота маселеси парламенттин сапатын начарлатты

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2021 | 662 | 0

Жаңы шайлоо системасындагы квота маселеси парламенттин сапатын ого бетер начарлатты. Мындай пикирин бир мандаттуу Биринчи Май округунан талапкер болгон Мавлян Аскарбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал саясатта аял-эркек деп бөлбөө керектигин, парламентке жынысына, улутуна карабай, күчтүү саясатчы келиши зарылдыгын айтты.

«Кыргызда санай келсең, жок дегенде 500 тууган-урук, куда-сөөк, жек-жаат чыгат. Азыр элге тургай, туугандарына да кадыры өтпөй, 300-450 добуш алган аялдар квотанын аркасы менен Жогорку Кеңешке келе жатат. Ал квотаны бизге ким алып келди? Көп жылдан бери чет өлкөдөн акча алып жүргөн бейөкмөт уюмдар таңуулады. Эмне үчүн ошол квотанын аркасы менен келген, айылы тааныбаган аял мамлекетти башкарышы керек?» — деп нааразыланды Аскарбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM