Биз менен байланышыңыз

UWW Asia: Айсулуу Тыныбекова «Азиянын мыкты балбаны» аталды

Кыска кабар , Спорт | 23 Дек 2021 | 846 | 0

Азия күрөш уюму быйылкы жылдын мыкты балбандарынын рейтингин чыгарды. Анда Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча «Эң мыкты балбан» аталды. Бул тууралуу уюмдун Инстаграм баракчасына жарыяланды.

Ушундай эле наамды грек-рим күрөшү боюнча ирандык балбан Мохаммедреза Гераи, эркин күрөш боюнча Ирандын дагы бир балбаны Хассан Язданичерати алган.

Балбандарды сыйлоо аземи 2022-жылдын 19-24-апрелинде Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөт.

Айта кетсек, Дүйнөлүк күрөш уюмунун упай топтоо рейтингинде Айсулуу Тыныбекова 136 упай менен биринчи орунду алган. Ал эми экинчи орунду 128 упай менен Орусиянын балбаны Абдулрашид Садулаев жана Ирандын балбаны Мохаммедреза Гераи, үчүнчү орунду 126 упай менен АКШ балбаны Девид Тейлор ээлеген. Ал эми Кыргызстандын дагы бир балбан кызы Мээрим Жуманазарова 114 упай алып, жетинчи сапка жайгашкан.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун командалык рейтингинде кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы төртүнчү орун алып, алдыңкы бештиктин катарын толуктаган.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын төрт жолку, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси. Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча Дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу. Кыргызстандан Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын, «Даңк» медалын, II даражадагы «Манас» орденин алган, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM