Connect with us

АКШ президенти Жо Байден кийинки мөөнөткө да талапкер болот

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 626 | 0

АКШнын президенти Жо Байден эгер ден соолугу жол берсе, кийинки мөөнөткө да бара турганын билдирди. Бул тууралуу ABC News телеканалы билдирди.

«Мен тагдырды абдан сыйлайм. Тагдыр менин жашоомо көп жолу кийлигишти. Эгерде менин ден соолугум азыркыдай чың болсо, анда мен да талапкерлигимди коём», — деди Байден.

Айта кетсек, 2020-жылы өткөн президенттик шайлоодо Жо Байден ошол учурдагы президент Дональд Трампты утуп алган. АКШ Башмыйзамына ылайык, президент 4 жылга шайланат. Кийинки шайлоо 2024-жылы өтөт.

Экс-президент Дональд Трамп Fox News телеканалына берген маегинде 2024-жылы да талапкерлигин коё турганын айткан.

Жо Байден буга да токтолуп, эгер Трамп талапкерлигин көрсөтсө, өнөктүккө кайрадан катышуусу мүмкүн экенин белгиледи.

78 жашында өлкө башына келген Жо Байден АКШ тарыхында эң картаң президент катары катталды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM